Бишкек: Шайлоо тилкесинде техникалык мүчүлүштүк жаралды

Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунда жайгашкан №1011 шайлоо тилкесинде электрондук урна бюллютендерди дароо кабыл албай, кыйынчылык жаратууда. Айрым шайлоочулардын бюллютендери такыр эле урнага салынбай жатат.

Мындан улам добуш берүүчүлөрдүн кезек күтүүсү жаралды. Электрондук урнага кирбей жаткан бюллютендер көчмө урнага байкоочулардын көзөмөлүндө салынды.

№1011 шайлоо тилкесинин төрайымы Айнура Сардарбекова билдиргендей, учурда шайлоого катышкандардын саны 150гө чамалап, техникалык мүчүлүштүктөр жаралып жатат. Ошондой эле техникалык колдоо көрсөтүү адистери муну шайлоочулардын туура эмес салып жатканы менен байланыштырганын билдирди.

Шайлоодо техникалык мүчүлүштүктөр жаралууда
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан