Өткөн суткада 1 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жалпысынан республика боюнча 6 миң 908 медицина кызматкеринен COVID-19 диагнозу аныкталды. Үй карантинден 3 медицина кызматкери айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча 6 миң 866 медицина кызматкери айыккан.