Бүгүн, 28-ноябрда Бишкек шаарындагы №1217 шайлоо тилкесине 88 жаштагы Карачач Төлөгөнова аттуу тургун атуулдук милдетин аткарып, добуш берди.
"Жашыма карабай балдарым жыргалчылык көрсүн деп шайлоого келдим. Канча жылдан бери чоңдордун баары "ичип-жеп" келди. Эми жаштар шайланып, заманыбыз оңолсун. Мен добушумду жаштарга бердим. Мындан ары жокчулук болбосун. Элибиз өнүгүп-өссүн. Өлкөгө завод-фабрикалар курулсун. Чет мамлекетте балдарыбыз кор болуп жүрөт. Алар оокат кылам деп кыйналып жүрүшөт. Негизгиси шайлоо тынч өтүп, татыктуулар шайлансын", - деди ал.