Бир мандаттуу округ боюнча №32 Кочкор округунун шайлоочулары активдүү добуш беришүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, ал жакта 104 миң 84 шайлоочу бар, анын 35 миң 365и добуш берди. Бул көрсөткүч 18:00гө карата.
Жалпы шайлоочулардын саны 3 миллион 619 миң 292ни түзөт. Анын 1 миллион 37 миң 373ү добуш берди.
Өлкөдө парламенттик шайлоо өтүп жатат.