Шайлоо: Алдын ала жыйынтык чыгып баштаганда БШКнын сайты иштебей калган. Шектенүүнү жаратабы? Шайлдабекованын жообу

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча маалымат берип, андан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анда Нуржан Шайлдабековага "Саат 20:00дө шайлоо тилкелери жабылгандан кийин БШКнын сайты алдын ала жыйынтыктар келе баштагандан кийин мүчүлүштүктөр пайда болуп, сайт бир аз убакыт иштебей турду. Андан кийин кайсы бир партиялардын добуштары азайып кетти. Бул мүчүлүштүк эмнеден улам келип чыкты жана бул шайлоонун адилет болушуна шек жаратпайбы?", деген суроо берилди.

Нуржан Шайлдабекованын жообу: "Ооба, бизде системанын эки таблицасын көрө алдыңыздар. Негизги таблицасы "кененирээк" деген таблицада шайлоо тилкелеринен келип түшүп жаткан маалыматтар жана "шайлоочулар берген добуштун позициялары" деген жерде бул таблицага ылайык бардык региондор, республика боюнча маалыматтар көрсөтүлөт. Бул система кеңири маалымат. Биз кыскартылган сырткы таблицасын ыңгайлуу болсун деп түзүп бергенбиз. Жалпыланган таблица сыртында көрсөтүлөт. Ошол сырткы таблица гана иштебей калды", - деп жооп берди Шайлдабекова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
abusait
2021-11-28 23:21:03
Эмнеге иштебей калат? Махинация кылдында ..
+12
KG-312
2021-11-28 23:24:41
Бул былжыраган кемпирди айдаш керек!
+10
Asmat84
2021-11-28 23:44:01
KG-312,кой бул авана жаккан аял
+6
DNurgiza
2021-11-29 00:18:50
Настройкалап жетишпей калып, аргасздан сбой системасын киргизишти да.
+4
Medina87
2021-11-29 02:16:28
DNurgiza,
Настройкалап эмес Атайын СБОЙ кылышты!! Мен ОЗУМ КУБО!!
ИНСТАга Сонку Кабарга кирип окусан болот.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан