Саат 12:00гө белгиленген Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын маалымат жыйыны белгисиз мөөнөткө жылды.
Ал саат 12:00дө парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча маалымат бермек. Жыйын кайсы мөөнөткө жылганы азырынча белгисиз.
29-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партиялардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда депутаттарды шайлоо күнүндөгү окуяны түшүндүрүү максатында иш-чара өткөрүлө турганын билдиришти.