Мирлан Жеенчороев: “Альянс” ийгилик тарыхы бар лидерлерден куралган күчтүү партия”

Тектеш кабарлар: Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо - 2021 (430 материал)

“Альянс” ийгилик тарыхы бар лидерлерден куралган күчтүү партия”. Мындай пикирин Бишкекте өткөн иш-чарада партиянын тең төрагасы Мирлан Жеенчороев билдирди.

Өлкө мындан ары өнүгүүгө багыт алуусу керек деген Жеенчороев, чогулгандарды добуштарын сатпай, туура тандоо жасоого чакырды. Шайлоого саналуу гана күндөр калганын айткан тең төрага түнү жашырынып эшик кагып келгендерге алданбоого үндөдү.

“Добуш сатып алып жаткандар элдин, мамлекеттин жаркын келечегин саткандар. Алар кечээги жемкорлор, өлкөнү тоногондор. Уурулар ошентип жашырынып кечинде иштейт”, - деди ал.

Мирлан Жеенчороев партиянын жаралуу тарыхына токтолду. Айтымында, “Альянс” шайлоого баруу үчүн гана түзүлгөн партия эмес. Ал эл келечегин ойлогон билимдүү, тайманбас, принципиалдуу адамдардын бирикмеси.

“Биз эл кызыкчылыгын коргоо үчүн парламентке бара жатабыз. Бүгүн “Альянс” күчтүү партияга айланды. Ал сиздердин колдооңуздардын, ишенимиңиздердин жыйынтыгы”, - деди Жеенчороев.

АЛЬЯНС - 3 - БИР КҮЧ!

Мирлан Жеенчороев - 1

Аткаруучу: "Супер.кж" ЖЧКсы. Дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109. Нускасы 1. Буюртмачы: "Альянс" саясий партиясы. “Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 24-ноябрь, 2021-жыл.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан