Саясий партиялар талапкерлерди көрсөтүү боюнча съезд өткөрүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүнкүгө карата бир катар саясий партия бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди көрсөтүү боюнча съезддери өткөрүлүүчү жер жана дата тууралуу БШКга билдиришти.
«Социал-демократтар» 7-октябрда саат 15:00дө өттү. «Бүтүн Кыргызстан», "Ата Мекен", "Ыйман Нуру" партиясынын съезди эртең өтөт. Ал эми "Альянс" жана "Социалист" партиясынын съезди 12-октябрга белгиленди.