Владимир Путин Орусия коронавирус пандемиясынын чокусунан өтө электигин айтты

Орусияда коронавирус пандемиясынын чокусу али Москва шаарында да өтө элек. Бул тууралуу президент Владимир Путин коронавируска каршы күрөшүү боюнча жолугушуу учурунда айтканын орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

с алуунун кажети жок, анткени өзүңүздөр билгендей, адистердин айтымында, биз эпидемиянын чокусунан өтө элекпиз" деп билдирген Путин.

Бирок президент белгилегендей, Европанын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу Орусияда кырдаал жакшы. Ал мындай натыйжага Саламаттыкты сактоо министрлигинин мыкты даярдыгы жана медициналык кадрларды сапаттуу даярдоого жетишкендигин айткан.

Орусиянын 82 аймагынан жалпы 18 миң 328 адам коронавирус жуктурган. 148 адам каза болсо, 1 миң 470 адам айыгып чыккан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
talaa11
2020-04-13 23:20:49
ХХХХХ силер ото кыйын калксынар
-8
KalenAlmaz
2020-04-13 23:29:01
Эми бул оорунун туу чокусу жок болсо керек ким кандай сактанса ошого карап резултат да
+7
Jeltelmen.99
2020-04-14 00:50:01
Мен бир нерсеге түшүнбөймүн? Эмне үчүн кытай мадыра баштардан чыккан вирус бүтүндөй кытайга жайылбастан дүйнөгө тарап кетти .
+8
algakaray
2020-04-14 04:16:45
Jeltelmen.99,кытайдын ухан шаарынан чыкты да биринчи ошон учун ошо шаарын кан буугандай бууду башка шаарларына, провинцияларына жеткен жок
+1
natasha00
2020-04-14 06:14:47
algakaray,Кытайда оору бп жатса анан Кытайга кирип Кытайдан жузугуп уйлоруно барып, ошондой ХХХХХ Кытайдан жугузуп чыгып кобойуп кетти да.Ошол оору чыкканда Кытайдын чек арасын жаап эч кимди чыгарбай жана эчкимди Уханга киргизбей койуу керек эле! Дуйно жузу ушуну талап кылышы керек эле!
+3
ilgizk
2020-04-14 01:09:01
Оору чокуга чыктым ,эми тушойун дейт бекен а.
Бизде Кыргызстанда качан чыгат экен анда
-6
Aimani
2020-04-14 02:35:44
ilgizk,бизде Кыргызстанда эки жактан келгендин баары, алардын контакт болгондору, оорусу аныкталгандардын баардык тууган туушкан, кошуна колондору текшерилип, ооругандар айыгып чет өлкөдөн эч ким кирбей калганда чокусунан өтүп бүтсө керек. Оо кудай эртерээк эле ошол кун келсе экен
+2
ZUXRIDDIN20
2020-04-14 07:39:56
ilgizk,вирус чыгып, Орточо бир жарым айлар өткөндө тездик менен көтөрүлөт жана бул жараян 15 күндөй уланат. Анан вирус чыгуусу азая баштайт. Ошентип барып токтоп калышы мүмкүн. Башка мамлекеттерде ошондой болуп жатат. Казакстан Өзбекстан бийиктикке көтөрүлү жараянына келди деп ойлойм.. КЗ бир күндө 150 чыкты. Өзб да деле ошо. (998 болду).
Аллах сактасын, эмне болсода баардыгын жакшылыкка болсун
-1
natasha00
2020-04-14 06:16:04
Путин авага баарыбир да, ортодо эле Мигранттарга жаман болду иши жок уйу жок.
+6
Mira041193
2020-04-14 08:44:18
Аллахым озу сактасын эртерээк жок болуп кетсинчи аты жаман оору бизда мекенибизге эсен аман барып ата эне балдарыбыз менен аманчылыкта корушойлу.Аллах буюрса баары жакшы болот москвада кыйналып кеттикго бул кундор да отуп кетээр
+2
rususu
2020-04-14 09:00:44
Бул оору кудайдан келген оору,чынын айтканда адамдар ото бузулуп кетти,бирин бири алдаган,шум болуп калды,жарганатты кытайлар буга чейин деле далай жыл бою жеп келишкен,бирок оору чыккан эмес,ал убакта адамдардын пейили жакшы болсо керек менимче.Бул келген алаамат,жер жузуно келген сыноо деп билели,ынтымакта бололу,алтын омурду барктап жашайлы.
-4
ALATOOLUK.JIGIT
2020-04-14 09:11:28
Мен да тан калам. Ухандан дуйного тарады. Кантип Ухандан адамдар Кытайдын башка провинциясына отушпогон? Трамп бекеринен чырылдабады окшойт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан