Биз социалдык тармакта

"Булчуңдары үзүлүп кеткен". Бишкекте эки мектеп окуучусуна иттер кол салды

Бишкекте эки мектеп окуучусуна иттер кол салды. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу Гулия Рахманова баракчасына жазып чыкты.

"Бир-эки күн мурун мектептен кайтып келе жаткан аймактагы көчөлөрдүн биринен 1-класстын жана 6-класстын окуучусуна эки питбул породасындагы ит кол салган. Балдар азыр ооруканада. Биринин абалы жакшы, ал эми 1-класстын окуучусу катуу жаракат алып, денесинин кээ бир жерлеринин булчуңдары үзүлүп кеткен. Экөө тең бир үй-бүлөдөн, апасы балдарын жалгыз тарбиялайт. Балдардын ден соолугуна зыян келтиргенден тышкары, балдардын кийимдери айрылган", - деп жазган ал.

Аял Бишкектин Свердлов РИИБине арыз менен кайрылганын маалымдаган. Бирок Свердлов РИИБи бул тууралуу расмий маалымат тарата элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
alym21
2021-12-06 13:17:30
ИТ бакпай калгырлар,баккан сон байлап бак,болбосо намордник кийгиз.
+15
Kg-04
2021-12-06 14:30:04
Эх байкуш балдар ИТ баккандар Аман эле болгула озундун баланды тиштесе экен ошондо тушуносун
+12
Datka7777
2021-12-06 15:01:24
Иттерди эмес ит баккан итти атыш керек! Мени да 9-классымда мектептин директорунун ити бутумдун булчунун узо тиштеп он кун больницада жаткам. Дары дармек да алып берген эмес, абалым сурап больницага да барган эмес!
+10
Birimdik5555
2021-12-06 18:45:48
Байкуш балдар ай, чындап эле ит бакканды атыш керек. Озуеду да тытып салса ачка калганда коросун
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан