Дагы бир чакырык! Белгилүү молдовалык балбан Виктор Чобану Жоламан Шаршенбековду кайрадан килемге чакырды

Грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону Виктор Чобану кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбековду кайрадан кармашка чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Баарыңарга салам! Дүйнөдө күрөш абдан катуу өнүгө баштады. Мен билгендей, Кыргыз өлкөсүндө да көптөгөн күйөрмандар бар. Мен дүйнөдөгү эң мыктылардын бири менен кайрадан күч сынашкым келет. Мен даярмын Жоламан Шаршенбеков. Мен сени абдан сыйлайм. Кел, кайрадан кооз жана кызыктуу беттеш өткөрөбүз", - деп жазды Виктор Чобану.

Көп өтпөй кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков молдовалык балбандын чакырыгына жооп кылып, анын сунушун кабыл алганын жарыялады.

"Ассалоому алейкум достор. Дүйнөдө куткаруучу күч спорт болуп саналат. Анткени анын үстүндө дагы деле оптимизмдин желеги желбиреп турат. Ал жерде бардык эрежелер сакталат жана жеңиш ким тарапта болсо да, атаандашка ар дайым сый көрсөтүлөт.

Бүгүн менин килем үстүндөгү атаандашым жана күрөштөгү бир тууганым мени менен кайрадан реванш өткөрүү ниетин билдирди. Мен чакырыкты кабыл алдым. Биз килемде канчалык атаандаш болсок да, спортто ар дайым бир тууган бойдон калабыз. Жолугушчу күндү чыдамсыздык менен күтөм", - деп жазган кыргыз балбаны.

Эске салсак, Жоламан Шаршенбеков менен Виктор Чобану акыркы жолу жакында эле Норвегияда болуп өткөн Дүйнө чемпиондугунун финалында кез келишкен. Анда мекендешибиз, тилекке каршы, жеңишти алдырып жиберген. Андан мурун Токио Олимпиадасында да чейрек финалда күч сынашып, ал ирет да молдовалык балбан жеңишке жетишкен.

Ал эми 2020-жылы Сербияда өткөн Дүйнө Кубогунда эки балбан чейрек финалда жолугуп, анда Жоламан Шаршенбеков 8:0 эсебинде утуп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
salimbek87.kg
2021-12-11 07:21:28
Ийгилик Кудайым колдоп жеңишке жетишине тилектешбиз Жоламан
+8
shankol88
2021-12-11 08:59:19
Алга Жоламан
+6
Egizderim-baktim
2021-12-11 13:15:40
Жакшы чакыруу болуптур, чакырууну да татыктуу кабыл алыптыр. Бир тууган деп. АЛГА Ийгилик
+4
bayern-munchen
2021-12-11 14:06:35
Кучтуу борецтер кыргыз борецтерин килемге чакыруусу бул чон жетишкендик Жана кыргыз курошунун осуп жаткан дээнгелин корсотот ийгилик жигиттер талыкпагыла
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан