Президенттин Талас облусундагы өкүлү милиция кызматкерлери милдеттерин кынтыксыз аткарып жатканын белгиледи

Талас шаарында облустук ички иштер органдарынын кызматкерлеринин Жаңы жылга карата даярдыгын текшерүү боюнча саптык кароо өткөрүлдү. Ага президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, Талас ОИИБинин начальниги Марлис Асанов, орун басарлары катышышты.

Саптык кароодон Талас ОИИБинин борбордук аппараты, Бакай-Ата РИИБи, Талас РИИБи, Талас ШИИБи, Талас шаардык күзөт кызматынын кызматкерлери кызматтык автоунаалары менен тизилишти. Алгач гимн ырдалып, мамлекеттик тууга түздөнүү аземи болду.

Президенттин өкүлү Бакытбек Нарбеков милиция кызматкерлерин келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады. "Облуста саясий, маданий, спорттук жана башка кандай гана иш-чара өтпөсүн тикеден-тик туруп, элдин жана мамлекеттин коопсуздугун сактап келесиздер. Облус аймагында резонанс жараткан кылмыштардын бетин ачууда, жол кырсыктарынын алдын алууда, коомдук тартипти сактоодо тиешелүү деңгээлде иштерди аткарып жатасыздар. Берген антыңарга бекем туруп, облуста тартипти, эң негизгиси тынчтыкты сактап, жүктөлгөн кызматты кынтыксыз аткарып жатканыңар үчүн ыраазычылык билдирем", - деди Нарбеков.

Облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги тарабынан кызматкерлердин жумушка даярдыктары, сырткы көрүнүшү, атайын формалары жана өздөрүнө тийиштүү буйруктарынын билиши боюнча кароо жүргүзүлдү. Марлис Асанов бир катар талаптарды айтып, тапшырмаларды коюп, Жаңы жыл майрамын өткөрүүдө милиция кызматкерлеринин аткара турган иштерин белгилеп кетти.

Андан тышкары жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо багытында көптөгөн алгылыктуу иштерди аткаруу керектигин, ага шарт түзүп жаткан жагдайлар менен күрөшүү зарылдыгын айтты. Өзгөчө коомдук жайларда болгон кылмыштарга бөгөт коюу чаралары көрүлүшү керектиги айтылды. Кызматкерлер тарабынан жарандарга жана айдоочуларга эң жогорку деңгээлдеги сылык мамиле кылуу жана аларга түшүндүрүү иштерине көңүл бурулуусу зарыл экендигин белгиледи. Жалпы кызматкерлерге кылмыштардын алдын алуу максатында тынымсыз иш алып баруу боюнча тапшырмалар берилип, кызматтык унаалар каралып, кемчиликтерди жоюу боюнча талаптар коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bishkek-Kg
2021-12-27 17:32:18
Карга карганын көзүн чокубайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан