Казакстанда коронавирустун омикрон штаммы катталды. Тагыраагы, жаңы штамм 8 адамдан аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянып, казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Алматыда жети, Нур-Султан шаарында бир учур катталган.
Белгилей кетсек, коронавирустун жаңы штаммы омикрон тууралуу алгач түштүк африкалык дарыгер Анжелик Кутзее биринчи болуп маалымдаган.