Республикалык штаб: "Баланы бала бакчага берүү же бербөөнү ата-эне өзү чечет"

Балдарды бала бакчага берүү же бербөөнү ата-энелер өздөрү чечет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 16-мартта өкмөттө өлкө аймагында коронавирусту алдын алуу жана анын жайылып кетүүсүнө жол бербөө боюнча кезектеги жыйын өттү. Буга чейин 16-марттан 8-апрелге чейин Кыргыз өлкөсүндөгү бардык билим берүү мекемелери үч аптага карантинге жабылары айтылган. Жарандардан "Эмнеге бала бакчаларга карантин жарыяланбайт?" деген суроо келген. Республикалык штаб балдарын эч жакка калтыра албаган ата-энелер үчүн алгач жумуш шартын түзүп берүү керек. Ошол себептен бала бакчалар иштей бермекчи. Бала бакчага канча бала келбесин, аларды кабыл алып, адаттагыдай сабактар өтүлүшү шарт. Ал эми балдарды бала бакчага жөнөтүү же жөнөтпөөнү ата-энелер өздөрү чечет. Андыктан бала бакчаларда Саламаттыкты сактоо министрлигинде көрсөтүлгөн сунуштамалар колдонулуп, тиешелүү дезинфекциялык иштер болуп туруусу керек. Ошондой эле ата-энелер балдарын эл көп чогулган жерлерге, соода оюн-зоок борборлорундагы оюн площадкаларга, компьютердик клуб, кинотеатрларга жөнөтпөй турууну сунуштайт", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан