Бүгүн, 7-январда жарандык активисттер Ак Үйдүн алдына кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүүгө каршы тынчтык митингине чыгышты.
"Бул Казакстандын ички маселеси, биз өзүбүздүн бир туугандарыбыз менен касташып калбашыбыз керек. Биз аларга азык-түлүк жагынан жардам бере алабыз. Кыргыз жоокерлери курал-жарак менен Казакстандын чек арасына кирбеши керек. Ал жерден биздин жоокерлер да курман болушу мүмкүн. Биз бир тууган катары моралдык жактан колдоо көрсөтүшүбүз керек. Ички маселесин өздөрү чечишсин. Биз диктатор менен эмес, эл мененбиз", - дешүүдө тынчтык митингине чыккандар.
Эскерте кетсек, кечээ, 6-январда дагы Ак Үйдүн алдына митингге чыгышкан.