Бүгүн, 14-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Лимонти каймана аты менен белгилүү болгон Алмазбек Сулаймановдун өлүмү боюнча соттук отурум өтүүдө.
Соттук отурум кийинкиге жылдырылды. Буга макул болбогон Талгат Шамиев сот отурумунда оозун тигип салды.
"Мен сизге ишенбейм", - деп бир нече ирет айтты Талгат Шамиев судьяга.
Аны сот залынан алып чыгып кетишти.
Кийинки соттук отурум 20-январь саат 10:00гө дайындалды.
Эске салсак, 2020-жылдын 28-март күнү Нарында кримавторитет Алмаз Сулаймановду өлтүрүп кетишкен. Анын өлүмүнө шектүү катары 25 жаштагы Талгат Шамшиев аттуу жаран кармалган. Ал андан соң Нарын ОИИБинин имаратына киши өлтүрүп алдым деп өзү келген.
SUPER.KG порталына өздүк булактар айыпталуучу атасынын өчүн алганын билдиришкен. Айыпталуучу Имаш Шамиев аттуу Нарын облусунун тургунунун уулу болгон. Шамиев 1997-жылы Алмаз Сулайманов тарабынан каза болгону маалымдалган.