ЭЛДИК КАБАРга жооп: Алайдын Согонду айылында электр жарыгы эмнеден улам өчүрүлүп жатканы белгилүү болду

"ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусунун Алай районундагы Согонду айылынын тургуну кайрылып, 3 күн катары менен түндө электр жарыгы өчүрүлгөнүн айтып, мындай жагдай тургундар үчүн ыңгайсыздыктарды жаратып жатканын билдирген.

Бул боюнча "Ош электр" ишканасына байланышканыбызда, абалды түшүндүрүп беришти.

"Алай районунун Согонду айылында электр энергиясынын үзгүлтүккө учурагандыгынын себеби аталган айылды электр энергиясы менен камсыз кылган трансформатор түнкү саат 3тө күйүп кеткен. Алай РЭТинин ыкчам топ кызматкерлери күйгөн трансформаторду линиядан ажыратып, ошол эле күнү жарыкты беришкен. Кийинки күндөрү шамал учурунда электр чубалгылары үзүлгөндүгү аныкталган. Алай РЭТинин ыкчам оңдоо бригадасы узундугу 75 чакырым болгон аба чубалгысындагы авариялык кырдаалды таңга маал калыбына келтирип, электр энергиясы толук кандуу элге берилген.

Бүгүнкү күндө эч кандай өчүрүүлөр жок. Авариялык түрдө жана авариялык учурдун алдын алуу же жөнгө салууда оңдоо иштери жүргөн убакытта гана электр энергиясы үзгүлтүккө учуроосу мүмкүн. Авариялык кырдаалды жөнгө салуу үчүн атайын бригада нөөмөттө туруп, авариянын көлөмүнө жараша ыкчам, бат оңдоо иштерин жүргүзүшөт. Авариялык жагдайдан башка учурда электр энергиясы өчүрүлбөйт.
Мындан сырткары кээ бир авариялык абалдын жаралышына керектөөчүлөр келишимде берилген кубаттуулуктан сырткары электр энергиясын пайдаланып жатканына байланыштуу ашыкча жүк менен иштеп жаткан трансформаторлорго күч келгендиги себеп болууда. Учурдан пайдаланып электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырып кетебиз", - деп билдиришти тийиштүү мекемеден.

Мындан тышкары "Ош электр" ишканасы убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан