Бишкекте дагы үч мектеп аралыктан билим берүүгө өттү

Бишкекте коронавирустан улам дагы үч мектеп аралыктан билим берүүгө өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, мектеп окуучуларынан коронавирус илдети аныкталганына байланыштуу №17, №30 жана №32 орто мектептер 14 күнгө карантинге жабылып, окуучулар онлайн окуйт.
Эске салсак, буга чейин өлкө боюнча жалпысынан 26 мектеп аралыктан билим берүүгө өткөн. Анын ичинен Бишкекте онлайн окууга өткөн мектептердин саны 19га жетти.
Алгоритмге ылайык, мектепте бир адамдан коронавирус аныкталган учурда, класс онлайн окутууга жөнөтүлөт, эки же андан көп кишиден оору катталган учурда билим берүү мекемеси толугу менен карантинге жабылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан