Кара-Балтада өз жанын кыюуга аракет кылган кыз-келиндер: Алар кандай дары ичишкени белгилүү болду

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында 34, 26, 25 жана 23 жаштагы кыз-келиндер өз жанын кыюуга аракет жасашканы кабарланды. Алар Жайыл аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришкен. Жабырлануучулардын абалын билүү үчүн ооруканага байланышканыбызда SUPER.KG порталына буларды айтышты.

"Аймактык оорукананын "Тез жардам" кызматына чакыруу түшкөн. Анда күнүмдүк ижарага берилүүчү батирдеги 4 кыз дары ичип алышканы белгилүү болуп, өмүрлөрүнө коркунуч жаралбашы үчүн оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Кыздар парацетамол ичишкен. Жандандыруу бөлүмүнөн экөөнүн ичегилери тазаланды. Калган экөө баш тартышты. Тиешелүү жардам көрсөтүлгөндөн кийин кыздар амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү", - дешти ооруканадан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан