Саламаттыкты сактоо министрлиги унаадагы ката жазуу оңдолгонун билдирди

Республикалык кан борборуна таандык унаадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий тилде жазылышында ката бар экени кызуу талкууга алынды. Анда здравоохранения деген сөз "здравохронения" деп жазылганын окууга болот.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен ката оңдолорун белгилешкен. Көп узабай эле мекемеден ката жоюлганын билдиришти. Анда унаадагы жазуудан Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги деген сөз алып салынды.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун ката жазылган аталышы кызуу талкууга алынган. Аталган ооруканадан мындай катага жол берген адамдарга карата тиешелүү жаза колдонуларын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nuuman
2022-01-20 15:32:53
Жазуу жок, проблемалада жок. Бали
+1
Kylych87
2022-01-20 15:38:51
Сабатсыздар иштейт да озу.
+1
KG_CH
2022-01-20 15:49:33
ЗдравоОХЕРЕНИЯ же здравоХОРОНЕНИЯ десе жарашмак))
-2
bond02
2022-01-20 16:06:40
Скорыйга кызыл цвет менен бир сызык, милицияга кок менен бир сызык сызып койгула жазсанар ката жазып уят болуп калат экенсинер.
+1
Sofiya05
2022-01-21 00:05:10
bond02,жыргап күлүп алдым. Азаматсыз!
0
rysik79
2022-01-20 16:34:39
Центр кровиде от и до баш аягына чейин здравахранениялар иштейт да
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан