Ырчы Айнура Салахидинованын атасы дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары тарабынан белгилүү болду.
Маалым болгондой, ырчынын атасы бүгүн, 23-январда көз жумду. Маркумдун сөөгү Бишкек шаарында жерге берилди.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Айнура Салахидинованын атасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.