"Ата-эне чыдабайт экен". Каркырада Казакстандын чек арачылары кармап кеткен 22 жаштагы жарандын апасы президентке кайрылды

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Каркыра жайлоосунда Казакстандын чек арачылары кармап кеткен Сыймык Өмүрбек уулунун апасы Чынара Тамаева президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды.

"Сыймык Караколдо педагогикалык колледжде 2-курста окуйт. Айылга кышкы каникулга келген. Тоого мал издеп саат 12:30 чамасында кеткен. Кечинде балам келген жок. Тоо тарапта кыйкырып издеп таппай калдык. Түн ичинде биздин чек ара кызматындагылар "уулуңуз чек арадан өтүп кетип, Казакстандын чек арачылары кармап кетти" деп чалып калышты. Ошондо гана билдик. Ага чейин издеп жатканбыз. 10-январда саат 15:30да кармап кетишкен экен.

Андан бери 16 күн өтүп калды. Жогорку Кеңештин депутаттарына дагы кайрылганбыз. Кичине кечигип жатабы, айтор, балам чыга элек. Ата-эне чыдабайт экен. Балам эмне болду деп карайлап жатабыз. Таң атканча уктабай чыккан күндөр болуп жатат.

Биринчи Кудайдан, экинчи жогорку кызматтагылардан жардам күтөм. Башка айла жок. Колдон келсе, азыр барып эле баламды бошотуп алат элем...

Президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, баламды эртерээк чыгарып берүүгө жардам беришиңиздерди суранам. Карапайым элдин үнүн угуп коюңуздар", - деди Чынара Тамаева.

Эске салсак, 10-январда Казак чек арачылары 1999-жылы туулган С.у.О. аттуу Кыргыз жаранын кармашкан. Шектүү мал жайып жүрүп Казакстандын аймагына өтүп кеткен.



кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kg-04
2022-01-27 00:20:44
Каркыра президентке кайрылуу Супер кж совпадение не думаю
0
Azat-123
2022-01-27 02:07:47
Каркыраны сатып жиберген адахонго кайрылгыла
+1
bayern-munchen
2022-01-27 11:56:02
Azat-123,Адахон моюнуна эч алууну билбейт периште болуп чыга келет айтып моюнуна койгон адамды кемчонтой дейт озу илимдуудой дагы кудайдын атын айтып койот Кудайдан айлангыр биздин саясатчылардын дежурный созу Кудайды аралаштырып Эл алдында суйлоо алкаш Атамбаев деле Кудай колдойт дейт эле го
+1
Ak_Bulut
2022-01-27 11:26:37
16 күн, көпкө кармашыптыр. Бийлик аралашып аман эсен туугандарына эртерээк келсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан