Сузактагы салык органынын инспектору ишенимден кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул туурасында бүгүн, 25-февралда Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча башкармалыгынын инспектору ишенимден кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулду.
Анын кызматтан бошотулушуна патентти жабуу маселесин оң жагына чечүү үчүн жергиликтүү тургундан пара алуу фактысы боюнча кармалышы негиз болду", - деп билдиришти мекемеден.
Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан салык кызматынын Сузак району боюнча башкармалыгынын инспектору кармалган.