Жогорку Соттун мурдагы судьясынын конфискацияланган хан сарайы "Манас" театрынын имараты үчүн берилди

14-мартта "Манас" улуттук театрынын имаратынын ачылышы болду. Театрдын имараты үчүн Жогорку Соттун мурдагы судьясы Камил Осмоналиевдин хан сарайы берилген. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен тастыкташты.

"Судьянын конфискацияланган үйү театрдын кеңсеси үчүн берилди. Ал жерде манасчылар, дастанчылар, акындар иштейт", - дешти министрликтен.

Ал эми "Манас" театрынын жетекчиси Азиз Биймырза уулу имарат Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан берилгенин, мурда кимге таандык болгонунан кабардар эмес экенин билдирди.

Эске салсак, театр 2021-жылдын сентябрь айында "Манас" эпосун, ошондой эле кенже эпосторду жана манасчы, дастанчылардын чыгармачылыгын сактоо жана жайылтуу максатында негизделген. Кыргыз Республикасынын президентинин 2022-жылдын 17-февралдагы жарлыгы менен ага улуттук макамы ыйгарылган.

Ал эми ушул жылдын март айында театрга имарат бөлүнгөн. Имараттын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, өлкөнүн башкы прокурору Курманкул Зулушев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан