Бишкекте Кыргыз улуттук "Манас" театры ачылды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашат.
Маалым болгондой, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык театрдын ачылышы болду. Мекеменин жетекчиси болуп Азиз Биймырза уулу дайындалды.
Өлкө башчы тарабынан 500 000 сомдук сертификат тапшырылды.