Орусияда Rossgram аттуу жаңы социалдык түйүн ишин баштады

Орусияда Rossgram аттуу жаңы социалдык түйүн ишин баштады. Бул тууралуу долбоордун расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Rossgram кечээ, 28-марттан тарта ишин баштаган. Жаңы соцтармакты дүйшөмбү күндөн тарта ЖМКлар, өнөктөштөр жана инвесторлор колдоно баштаса, кийинчерээк ал блогерлер менен жөнөкөй колдонуучулар үчүн да жеткиликтүү болот.

Rossgram'да сүйлөшүү, блог жүргүзүү, бизнес кылуу, жаңылыктарды жарыялоо жана өз долбоорун түзүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр каралат. Тиркеме Android менен iOS'тун базасында иштери айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 21-мартта Орусияда сот америкалык Meta компаниясына каршы укук коргоо органдарынын доосун карап, аны экстремисттик деп тапкан. Ага ылайык, корпорация ээлик кылган Facebook менен Instagram соцтармактары Орусияда толук бөгөттөлгөн. Өлкөдө Facebook 4-марттан, Instagram 14-марттан баштап жабылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан