60 сомго чейин... Кумшекердин баасы арзандай баштады

Өлкөдө кумшекердин баасы төмөндөй баштады. Бул туурасында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Мекеме тарабынан социалдык маанилүү азыктардын, анын ичинен кумшекердин баасын турукташтыруу боюнча иштер аткарылууда. Анын алкагында борбор калаадагы ири соода түйүндөрүндө кумшекердин баасы төмөндөй баштады.

"Фрунзе" дүкөндөрүндө кумшекердин баасы 1 килограммына 60 сом, эгер 1 килограммдан көп болсо, анда ар бир килограмм үчүн 77 сомду түздү. "Народный", "Глобус", "Достор" дүкөндөрүндө кумшекердин баасы эртеңден баштап арзандайт.

Ошондой эле "Кайыңды Кант" ишканасына доллардын куну түшкөнүнө жана салыктан бошотулганына байланыштуу кумшекердин дүң баасын төмөндөтүү боюнча билдирме жөнөтүлдү. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бул багыттагы ишин уланта берет. Республика боюнча алып караганда, баалардын төмөндөшү байкалууда", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан