Алматыда энеден туума жылаңач адам аэропортко кирип барды (видео)

Алматы шаарында энеден туума жылаңач болгон адам аэропортунун аймагына кирип келип, учуп-конуу тилкесин бойлой чуркады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Видеодо көрүнгөндөй, энеден туума жылаңач болгон адам Алматынын аэропортундагы тосмолордон секирип өтүп, учуп-конуу тилкесин көздөй чуркап кеткен.

Алматы эл аралык аэропорту окуя чынында эле аэропорттун аймагында болгондугун тастыктаган.

"Белгисиз адам тосмону ашып, перронду көздөй чуркаган. Аэропорттун авиациялык коопсуздук кызматы аны дароо кармап, полиция бөлүмүнө өткөрүп берген. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирген аэропорттун басма сөз кызматы.

Кийинчерээк медициналык экспертиза кармалган адамдын мас абалда болгонун тастыктаган.



Алматыдагы аэропортко энеден туума жылаңач адам кирип барды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан