YouTube Мамлекеттик Думанын каналын жаап салды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик Думанын социалдык тармактардагы билдирүүсүндө белгиленгендей, бул каналдын 145 миңден ашуун жазылуучусу болгон. Видеолор жалпысынан 100 миллиондон ашык көрүлгөн. Каналда депутаттардын эксклюзивдүү комментарийлери, пленардык жыйындардын берүүлөрү камтылган.
Бул көрүнүштү Мамлекеттик Думанын башчысы Вячеслав Володин бөгөт коюуну Вашингтон жарандардын укуктары менен эркиндиктерин бузганынын далили деп атады.