Ош шаарында тротуар куруу жана оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Ага ылайык, учурда Анар кичи районундагы тротуарларды реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Анын узундугу 500 метрди түзүп, эки тарабына ирригациялык лотоктор төшөлүүдө. Жумуш 10 күндө бүтөөрү пландалууда.
Тротуарларды куруу жана оңдоо иштери шаардык жолдор башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жатат.