Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча иш Ош ОИИБге өткөрүлдү

Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу козголгон иштин алкагында камакка алынган блогер Батмакан Жолболдуеванын баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралууда. Маалымат Ош облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан белгилүү болду.

Маалым болгондой, бул иштин материалдары 15-апрелде Ош ОИИБине өткөрүлүп берилген. Буга арыздануучулардын Баткен ОИИБге болгон ишенбөөчүлүгү себеп болгон.

Маалымат үчүн:

Белгилей кетсек, журналист Арзыгүл Галымбетова 37 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Анын өлүмү боюнча Баткен облусунун телеканалы укук коргоо органдарына кайрылып, иликтеп берүү өтүнүчүн келтирген.

Журналист Арзыгүл Галымбетова каза болордон 2 күн мурда милицияга кайрылып, аброюна шек келтирди деген блогердин үстүнөн арыз жазган. Андан кийин 33 жаштагы блогер кармалып, бир айга камакта калтырылган. Кийинчерээк шектүү Батмакан Жолболдуева өз өмүрүнө кол салууга аракет кылып, кан тамырын кескен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан