Баткенде журналисттин өлүмүнө шектелген блогерге 4 берене боюнча кылмыш иши козголгон

Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу козголгон иштин алкагында камакка алынган блогер Батмакан Жолболдуеванын үстүнөн 4 берене боюнча кылмыш изи козголгон. Бул туурасында Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Башкармалыктын маалыматына ылайык, блогер 127-берене (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү), 190-берене (Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу), 280-берене (Бейбаштык), 379-берене (Документтердин жасалмасын жасоо) боюнча шектелүүдө.

Бул иштерди ар тараптан толук жана объективдүү тергөө үчүн кылмыш иши Ош облусуна жиберилгенин кошумчалашты маалымат кызматынан.

Маалымат үчүн:

Журналист Арзыгүл Галымбетова 37 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Анын өлүмү боюнча Баткен облусунун телеканалы укук коргоо органдарына кайрылып, иликтеп берүү өтүнүчүн келтирген.

Журналист Арзыгүл Галымбетова каза болордон 2 күн мурда милицияга кайрылып, аброюна шек келтирди деген блогердин үстүнөн арыз жазган. Андан кийин 33 жаштагы блогер кармалып, бир айга камакта калтырылган. Кийинчерээк шектүү Батмакан Жолболдуева өз өмүрүнө кол салууга аракет кылып, кан тамырын кескен.

Бүгүн, 21-апрелде Ош шаардык сотунда шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып жатканы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан