Президенттер: Европада жасалма ат менен билим алган. Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын тууралуу кызыктар

Түндүк Корея же Корей Элдик Демократиялык Республикасы (КЭДР) дүйнөдөгү эң жабык мамлекеттердин бири. Өлкөнүн жабык саясатынан улам андагы маалыматтар дүйнөгө өтө сейрек чыгат. Антсе да бул өлкө дүйнө коомчулугуна жарыялабаган өзөктүк курал системасы, айымдардын да мырзалар менен бирге аскердик кызмат өтөгөнү жана эң жаш лидери менен дүйнөгө таанымал.

Президенттер рубрикабыздын бул жолку чыгарылышында дал ушул Түндүк Корея өлкөсүнүн президенти Ким Чен Ын тууралуу айтып беребиз. Анда сөз башынан болсун...

Ким Чен Ын - Түндүк Кореянын лидери

1982, 1983 же 1984-жылы туулган

Ким Чен Ын 1982-жылы 8-январда Түндүк Кореянын баш калаасы Пхеньян шаарында жарык дүйнөгө келген. Бирок айрым булактарда анын 1983-жылы төрөлгөнү көрсөтүлүп келет. Жапониялык маалымат каражаттары Ким Чен Ын өзүнүн туулган жылын чоң атасы Ким Ир Сен жана өз атасы Ким Чен Ир төрөлгөн жылдарга дал келтирүү үчүн 1982-жыл деп жаздырган болушу мүмкүн экендигин жазып чыгышкан. Белгилей кетсек, өлкө башчысынын чоң атасы 1912-жылы, ал эми өз атасы 1942-жылы жарык дүйнөгө келген. Корей лидери ошондой эле 1984-жылы туулган деген да маалыматтар кездешет.

Мамлекет башчылардын тукумунан

Ким Чен Ындын чоң атасы Ким Ир Сен Түндүк Корея Республикасынын негиздөөчүсү. Ал мамлекетти 1948-жылдан 1994-жылга чейин 46 жыл башкарган (1972-жылга чейин министрлер кабинетинин төрагасы, андан кийин президент катары). Мамлекетке кылган кызматы үчүн 1998-жылы "Түндүк Кореянын түбөлүктүү башкаруучусу" деп жарыяланган. Ошондой эле аскердик жааттагы реформалары үчүн эң даражалуу делген "Маршал" жана "генералиссимус" аскердик чиндери менен сыйланган.

Ким Ир Сен

Өз атасы Ким Чен Ир Корей Элдик Демократиялык Республикасынын экинчи башкаруучусу. Өлкөнү 17 жыл (1994-2011-жылдар аралыгында) жетектеген. Мамлекетке кылган кызматы үчүн 4 жолу КЭДРдин баатыры сыйлыгына ээ болгон. Мындан тышкары 2012-жылы көзү өткөндөн кийин ага да "генералиссимус" аскердик чини ыйгарылган.

Ким Чен Ир

Апасы Ко Ён Хи учурунда актриса жана балерина катары таанылган чыгармачыл чөйрөнүн адамы болгон. Ал Ким Чен Ирдин үчүнчү жубайы. Аскердик окуу жайдын бүтүрүүчүсү. 2011-жылы жолдошу Ким Чен Ир каза тапканда анын ысымы мамлекеттик сыр катары сакталып, "улуу айым" сыяктуу каймана ысымдар менен атала баштаган.

Ко Ён Хи

Балалыгы

Өлкөнүн жабык саясаты сыяктуу эле Ким Чен Ындын өмүр таржымалы да көпчүлүккө табышмак. Интернет булактарында ал тууралуу маалыматтар өтө сейрек кездешет. Анын балалыгы кайда өткөнү, кайсы мектепте окуганы жана кандай окуганы тууралуу маалыматтар белгисиз. Лидердин кичинекей кезинде тартылган сүрөттөрү алгачкы жолу 2014-жылы КЭДРдин аскер аба күчтөрүнүн жылдык мааракесине арналган салтанатта көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары мамлекет башчысынын өмүр баянына иликтөө жүргүзгөн айрым чет элдик басылмалар Ким Чен Ын 1998-2000-жылдар аралыгында Швейцариянын борбору Берн шаарында окуганын аныкташкан. Эң кызыгы, ал дипломаттардын балдары окуган атайын мектепте Пак Ын деген жасалма ат менен билим алган. Иликтөөчү журналисттер Ким Чен Ын мектепке ошол кездеги КЭДРдин Швейцариядагы элчисинин уулу катары жазылган болушу мүмкүн деген божомолдорду келтиришкен.

Ал эми аталган мектепте окугандардын көбү Пак Ын аттуу окуучу болгонун жана дайыма жеке айдоочусунун коштоосунда мектепке келип кетип турганын айтышкан. Алардын айтымында, Пак Ын саясатка таптакыр кызыкпаган жана убактысынын көп бөлүгүн баскетбол ойноп өткөргөн. Ошондой эле америкалык белгилүү баскетболчу Майкл Жордандын күйөрманы болгонун айтышкан. Ким Чен Ын чындап эле баскетбол сүйүүчүсү болуп саналат. Ал белгилүү америкалык баскетболчу Деннис Родман менен дос экендиги маалым. Ал тургай 2013-жылы өлкө башчысы Родман менен жолугуп, ага өзүнүн жеке аралын көрсөткөнү маалымат булактарында жарыяланган.

Ким Чен Ын америкалык баскетболчу Деннис Родман менен...

Аскердик академияны аяктаган

Ким Чен Ын 2002-2007-жылдар аралыгында Түндүк Кореядагы эң беделдүү делген Ким Ир Сен атындагы аскердик академияда билим алган. Айрым булактарда жазылгандай, болочок лидер академияда аскердик операцияларды мыкты деңгээлде пландаштыра билген студент катары башкалардан айырмаланып турган. Ал тургай курсташтары арасында "аскердик ой жүгүртүүнүн генийи" деген да атка конгон. Ошондой эле университеттеги окутуучулар да Ким Чен Ындын артиллериялык куралдар менен бутага таамай ата билген жөндөмгө ээ болгонун баса белгилешкен. Кийин ал 2013-жылы Малайзиядагы "Хелп" университетинен да экономика багыты боюнча илимдин доктору даражасына ээ болгон.

Саясаттагы жолу

2006-жылы жалпыга маалымдоо каражаттарында өлкөнүн башкаруучусу Ким Чен Ир (Ким Чен Ындын атасы) Түндүк Кореядагы Эмгек партиясынын мүчөлөрүнө Ким Чен Ындын сүрөтү түшүрүлгөн төш белгилерди таратып бергени тууралуу маалыматтар жарыяланган. Бул нерсе дүйнө коомчулугунда Ким Чен Ир 3 баласынын ичинен эң кичүүсү болгон Ким Чен Ынды өзүнө мураскер катары тандай тургандыгынын бир белгиси катары кабыл алынган. Себеби Ким Чен Ындын өзүнөн улуу дагы Ким Чен Нам жана Ким Чен Чхоль аттуу эки агасы бар эле.

Ким Чен Ын атасы Ким Чен Ир менен

Ал эми 2008-жылы 26 жаштагы Ким Чен Ын үчүн атайын резиденция курула баштаганы маалым болгон. Ошол эле жылдын апрель айында жаш лидер өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматына мүчөлүккө кабыл алынганы тууралуу маалыматтар чыккан. 2010-жылы Ким Чен Ир кичүү баласынын туулган күнүн корей элинин улуттук майрамы катары жарыялаган. Аталган көрүнүштөрдүн бардыгы өлкөдөгү бийлик Ким Чен Ынга өтө турганына толук далил болуп калган.

2011-жылы 17-декабрда мамлекет башчысы Ким Чен Ир жүрөк оорусунан улам каза тапканы жарыяланган. Бир аптадан кийин Эмгек партиясы Улуттук армиянын кол башчылыгына убактылуу Ким Чен Ынды дайындаганы кабарланган. Андагы жарлыкта "Биз кан аралашкан көз жашыбыз менен Ким Чен Ынды башкы кол башчыбыз деп жарыялайбыз" деп жазылган. Ал эми 26-декабрда расмий түрдө Эмгек партиясынын төрагасы жана КЭДРдин башкаруучусу кызматына отурган.

Дүйнөдөгү эң жаш мамлекет башчысы

Ким Чен Ын дүйнөдөгү эң жаш президент болуп саналат. Ал мамлекет башчылык кызматка 28 жашында отурган. 2020-жылы жарыяланган дүйнөнүн эң жаш президенттеринин рейтингине таянсак, корей лидеринен кийин эле 2-орунда Гамбиянын өлкө башчысы Яхья Жаме турат. Ал мамлекеттин тизгинин 29 жашында өз колуна алган. Ошондой эле алдыңкы бештикке Конго Демократиялык Республикасынын президенти Жозеф Кабила (30 жаш), Австриянын президенти Себастьян Курц (31 жаш) жана Катардын башчысы Тамим бен-Хамад Аль Тани (33 жаш) кирет.

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп менен

"Генийлердин генийи"

Ким Чен Ын 2012-жылы аскердик эң жогорку чиндердин бири болгон "Маршал" чинине ээ болгон. Андан тышкары Түндүк Кореяда ага "Жаңы жылдыз", "Мыкты жолдош" жана "Генийлердин генийи" деген сыяктуу бир катар титулдар ыйгарылган. Корей эли да өлкө башчысын президент дегенден тышкары аталган титулдардын аталышы менен аташат.

Ким Чен Ын билим майрамында

"Моранбонг" музыкалык тобунун негиздөөчүсү

Корей лидери катаал көрүнгөнү менен чыгармачылыкка абдан жакын экендиги белгилүү. Ал Түндүк Кореяда атактуу болгон "Моранбонг" музыкалык тобунун негиздөөчүсү болуп саналат. Жалаң кыздардан түзүлгөн бул топтун курамындагы 10 ырчыны тең 2012-жылы өлкө башчысы өзү тандап алган. Аталган топтун репертуарындагы чыгармалардын басымдуу бөлүгү аскердик чакырыктагы ырлардан куралган. Ал эми клиптеринде корей элинин бейпил турмушун чагылдырып турушат. "Моранбонг" тобу 2018-жылы Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өткөн Кышкы Олимпиада оюндарында өлкөнүн улуттук курама командасын коштоп барган.

Коомдук даараткана колдонбойт

Ким Чен Ын таптакыр коомдук дааратканага барбайт. Мамлекет башчысынын коопсуздугун камсыздаган мурдагы кызматкеринин айтымында, ал организминен бөлүнүп чыккан ар бир калдык ден соолугуна байланышкан жашыруун маалыматтарды ачыктап коёт деп кооптонот. Анткени дүйнөлүк басылмаларда президенттин ден соолугу тууралуу ар кандай божомолдор тарап жатканы маалым. Мындан улам кайсы гана жерге иш сапары менен барбасын жеке дааратканасы транспорт менен ташылып, жанында кошо жүрөт.

Үй-бүлөсү

ЖМКлар жарыялаган маалыматтарга караганда, Ким Чен Ын 2 баланын атасы. Уулдары 2010-жылы жана 2012-жылы жарык дүйнөгө келген. Эң кызыгы, өлкө башчысынын үйлөнгөнү тууралуу маалымат да алгачкы жолу 2012-жылы жарыяланган. Анын жубайы Ли Соль Чжу. Ким Чен Ын окуган аскердик академиянын бүтүрүүчүсү.

Ким Чен Ын жубайы Ли Соль Чжу менен

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан