Жергиликтүү тургундар Анжелина Жолини Украинадан күтүүсүздөн көрүп калышты (фото)

Голливуд актрисасы Анжелина Жоли Украинага гуманитардык миссия менен келген. Бул тууралуу 30-апрелде украиналык басылмалар жазып чыгышты.

Украиналык OBOZREVATEL порталынын журналисти Майя Подгородецкая Анжелина Жолинин Львовдогу кафеге кирип бараткан сүрөтүн бөлүштү. Анын айтымында, мындай жерден жылдызды көрөм деп ойлогон эмес.

"Өзгөчө эч нерсе жок. Жөн эле Львов. Кофе ичкени эле киргем. Жөн гана Анжелина Жоли. Болгону Украинаны бүт дүйнө колдоп жатат", - деп жазган журналист социалдык тармактагы баракчасына.

Белгилүү актрисаны күзөтчүлөр коштоп жүргөн. Актриса менен сүйлөшүүгө эч ким жетишкен эмес. Ал кара түстөгү Mercedes менен күзөтчүлөрдүн коштоосунда бат эле кетип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан