"Азовсталь" заводунда курчоодо калган украиналык командир Эрдогандан жардам сурады

Украинанын Мариуполь шаарындагы "Азовсталь" комбинатында курчоодо калган 36-деңиз аскерлер бригадасынын командири Сергей Волынский "Хабер Түрк ТВ" каналы аркылуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга жардам сурап кайрылды. Бул тууралуу украиналык басылмалар жазып чыгышты.

Командир кайрылуусунда "Азовсталь" комбинатында орус аскерлеринин курчоосунда калган жарадар адамдарды Түркиянын аймагына алып чыгууну суранган.

"Урматтуу Режеп Тайип Эрдоган мырза. Сизге деңиз аскерлер бригадасынын командири Сергей Волынский кайрылып жатат. Азыр мен Мариуполь гарнизонунда жайгашкан 36-деңиз аскерлер бригадасында командирлик милдетти аткарып жатам. Биз дээрлик 65 суткадан бери согушуп жатабыз.

Катарыбызда ар кандай деңгээлде жаракат алган 600гө жакын жоокер бар. Алар аябай жардамга муктаж. Ошондой эле жарадар болгон жөнөкөй жарандар да толтура.

Мен түрк элине жана урматтуу президент мырза Режеп Тайип Эрдоганга кайрылып, Мариуполь гарнизонун Түркиянын аймагына алып чыгууга аракет кылууңузду жана коопсуздук кепилдиги менен бизди Азовсталдан чыгарып кетүүңүздү суранам. Биз сиздердин жардамыңыздарга үмүт кылабыз", - деген ал.

Ал ошондой эле аталган аймакта кырдаал оор бойдон экендигин, согуштук аракеттер бир канча күндөн бери токтобой жаткандыгын белгилеген.

Белгилей кетсек, "Азовсталь" комбинаты учурда эки тараптын каршылаштыгы күч алган эң кооптуу аймактардын бири болуп турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан