Манасчы Дөөлөт Сыдыков SUPER.KG порталына эмнеге Кыргызстандан чыгып кеткени тууралуу түшүндүрмө берди. Анын айтымында, опузалар башталганда өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон.
“Жумушумду өткөрүп бердим, сөгүш берип кыстоо башталганда. Марат Турсунбеков, Нургалы Асаналиев, Асылбек уулу Дамирбек дегендер мыйзамсыз жерди ээлеп жатса ошолорду колдогон бийлик эмнени жыргатат. Опузалар башталганда кеткенге туура келди айла жок”, - дейт манасчы.
Буга чейин Дөөлөт Сыдыков кысымга кабылып Кыргызстандан чыгып кеткени кабарланган.