Түштүк Кореяда жаңы шайланган президенттин инаугурациясы болуп өттү

Бүгүн, 10-майда Түштүк Кореяда президент Юн Сок Ёлдун инаугурациясы болуп өттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттарында жазылды.

Маалыматка ылайык, инаугурация Улуттук кеңештин имаратынын аянтында болгон. Иш-чарага 40 миңдей адам чакырылган.

Эскерте кетсек, Түштүк Кореяда президенттик шайлоо 9-мартта болуп өткөн. Анда "Жарандык күч" партиясынан талапкер болгон Юн Сок Ёль шайлоочулардын 48 пайыз добушун алып, жеңип чыккан.

Ал 2019-жылдан 2021-жылга чейин Корея Республикасынын башкы прокурору болуп иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан