Новосибирскте 44 жаштагы кыргызстандык аял 7 миллион рубль уурдоого айыпталууда

Орусиянын Новосибирск шаарында ири суммадагы акча каражатын уурдоого шектелген 44 жаштагы кыргызстандык аялдын үстүнөн сот иши жүрүүдө. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, ал 7 миллион рубль өлчөмүндөгү акчаны уурдоого айыпталууда. Ага карата жергиликтүү ишкер даттанган. Анын айтымында, сумкасында ири суммадагы акча болгон.

Кыргызстандык аял сумканы бизнес борбордон таң эрте таап алып жумушуна ала кеткен. Эртеси күнү бизнес борбордун администрациясына бул тууралуу билдирген, кийинчерээк аны полиция кызматы кармап кеткен. Кыргызстандык аял пол жуугуч болуп иштечү. Анын СИЗОдо отурганына жарым жыл болду. Аял таап алган сумканын ичинде ак түстөгү 2 жаздык тыш, флешка, медициналык бет кап жана калем сап гана болгонун айткан.

"Айыпталуучунун жактоочусунун өтүнүчү менен аял жана ишкер полиграфтын жардамы менен суракка алынган. Аял 4 тесттен ийгиликтүү өтүп, 700дөн ашуун суроого жооп берген. Эксперт айыпталып жаткан аял сумканын ичинен акча көргөн эмес деген жыйынтык чыгарган. Ал эми ишкер тесттен өтө алган эмес", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан