Хомяк - кемирүүчүлөр түркүмүнө кирген, дан эгиндерине зыян келтирген жандык. Бул зыянкеч жандыктар өз балдарын жеп саларын уккансызбы?
Окумуштуулар бул алардын коркунучтан сактануу инстинкти экенин айтышат. Көпчүлүк сүт эмүүчүлөр өлүү төрөлгөн балдарын жеп салышат. Муну менен эне азыктандыруучу пайдалуу элементтерди алат жана бөтөн жырткычтарды азгырган жыттан арылат.
Кемирүүчү жандыктар тааныш эмес жытты, дабышты же коркунучтуу жырткычтын жакындап калганын сезген убакта тирүү балдарын да жеп салышат.