Таиланд мамлекети марихуананы лицензия боюнча колдонууну жана өстүрүүнү мыйзамдаштырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү мыйзамды кабыл алуу менен Таиланд Түштүк-Чыгыш Азияда кара куурайды мыйзамдаштырган биринчи өлкө болду. Бирок документте кээ бир рецепттер гана каралган. Атап айтканда, активдүү заттары аз болгон марихуанага гана уруксат берилген.
Уруксат берилгенине карабастан Таиланд бийлиги өлкөдө кара куурайдын жүгүртүүсүн чектөө боюнча чараларды көрүп жатат. Коомдук жайларда марихуана колдонуп кармалган жарандарга дагы эле айып пул салынууда.
Таиланд өлкөсү жергиликтүү тургундардан марихуананы тамак-аш, косметикалык жана медициналык максаттарда колдонууну суранган.
Белгилей кетсек, өлкө бийлиги кара куурайды медициналык профилактика үчүн колдонууга 2018-жылы эле уруксат берген.