Биз социалдык тармакта

Коомдук тартипти бузган кыздар кармалышты (видео)

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкек шаарында кыздар майда бейбаштык үчүн жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалыматка караганда, социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө милиция кызматкерлери Инстаграм баракчасында жарыяланган видеону аныкташты. Видеодо кыздардын коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин бузуп, сөгүнгөнү тартылган.
Окуя Бишкек шаарынын Анкара көчөсүндө жайгашкан "Технопарк" соода борборунун аймагында болгону аныкталды.

Аларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлдү.

Аталган факт боюнча 2000-жылы туулган Н.Б. жана А.А. аттуу жарандар аныкталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганы маалымдалды.

Коомдук тартипти бузган кыздар кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан