Кыргызстанда аккумулятор чыгарган "Лифан аккумулятор заводу" ишканасынын өндүрүштүк кубаттуулугун кеңейтүүгө 1 миллиард сом инвестиция жумшалат. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн Министрлер кабинети менен ишкананын ортосунда инвестициялык макулдашууга кол коюлду. Документке улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров жана заводдун башкы директору Гуан Шихэн кол койду.
Долбоор Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Жар айылында ишке ашырылат.
Ишкана аккумулятор батареяларын, электр зымдарын, кабелдерди жана фотоэлектрдик продукцияларды өндүрүп, колдонулган аккумуляторлорду, алюминий жана жез калдыктарын кайра иштетет.
"Долбоордун жалпы наркы 1 миллиард сомду, же болжол менен 11,5 миллион долларды түзөт. Ал ата мекендик өндүрүштү жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган", — деп айтылат маалыматта.