Германияда 1945-жылы жоголгон француз сүрөтчүсү Шарль Лебрендин картинасы табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, картина 1955-жылы тартылып, "Ыйык үй-бүлө" деген аталыш берилген. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда аны сактап калуу үчүн Бранденбургдагы Райсберг сепилине көчүрүшкөн. 1945-жылдын жай айында картина дайынсыз жоголуп, ондогон жылдар бою кайда экени белгисиз бойдон калганы айтылды.
Андан соң картина 2021-жылы Берлиндеги чакан аукциондордун биринде пайда болгону маалым болгон. Аны канадалык коллекционер сатып алып, тарыхын өз алдынча изилдеп, тарых ордуна кайтарып берүүнү чечкен.
17-ноябрда картина 81 жыл өткөндөн кийин Постдамдагы Жаңы сарайда көргөзмөгө коюлганы кабарланды.