Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Москвадагы Сахарово чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу борборуна барып, ал жакта кармалып турган мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Жолугушууда кыргызстандыктардын кармоо шарттары, медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгү жана укуктарынын сакталышы талкууланды. Мекендештер депортациялоо тартиби, Орусияга кайра кирүү мөөнөтү жана бөгөттөлгөн банк эсептери боюнча суроолорун беришти.
"Башка өлкөгө барардан мурда анын мыйзамдарын, талаптарын жана миграциялык эрежелерин билүү зарыл. Бул өз укуктарыңарды коргоого жардам берет. Анткени мыйзамды билбөө жоопкерчиликтен бошотпойт. Силерге карата негизсиз чечимдер кабыл алынган учурда өз убагында арыз берип, даттануу маанилүү”, — деди Жамиля Жаманбаева.
Акыйкатчы мекендештерге Орусиянын миграциялык мыйзамдарын сактоо жана укуктары бузулган учурда чечимдерге өз убагында даттануу зарылдыгын эскертти.