Ош облусунун Кара-Суу районундагы Курбан-Кара – "Ынтымак" өткөрмө пункту автожолунун 7,5 чакырым тилкесинде реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда жолго асфальт төшөө иштери башталды. Долбоорго ылайык, жол төрт тилкелүү болуп, туурасы 25 метрди түзөт. Ошондой эле жол боюнда ирригациялык арыктар жана калктуу конуштарда жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар курулат.
Курулушка 42 атайын техника жана 56 жумушчу тартылган.
"Жолду жаңылоо транспорттук байланышты жакшыртып, өткөрмө пунктуна баруучу каттамдын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган", – деп айтылат маалыматта.