Казакстандагы январь окуясында Касым-Жомарт Токаев өлкөдөн чыгып кетүүгө кеңеш бергендер болгонун айтты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев январь окуяларында ага өлкөдөн чыгып кетүү кеңеши берилгенине карабай Казакстанда калган. Бул тууралуу казак президенти “Россия 24” телеканалына берген маегинде айтты.

"Мага айрымдар тик учак же учакка отуруп, Казакстандан чыгып кетүүнү сунушташты. Албетте, мен муну эч кандай пландаган эмесмин жана акырына чейин бул жерде болушум керек деп ойлондум", - деген Токаев.

Ал ошондой эле январь окуясы болгон күндөрү Нур-Султандагы резиденциясынын имаратынан чыкпай, ошол жерде түнөгөнүн айтты.

"Бардык төңкөрүштөрдүн максаты бийликке башка адамдардын келиши болгон", - деп кошумчалаган Токаев.

Эске салсак, 2022-жылдын башында Казакстанда массалык нааразылык акциялары өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан