"Сюрприз" оюнун ойношкон. Үлпөт тойдо жубайын башка чапкан Өзбекстандагы окуянын чоо-жайы айтылды

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы үйлөнүү тоюнда жубайын башка чапкан чуулгандуу видеонун чоо-жайын ачыктады. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, чуулгандуу видео ушул жылдын 6-июнунда Сурхандарья облусунда өткөн үйлөнүү тойдо тартылган. Үйлөнүү үлпөтүнүн жүрүшүндө кыз менен жолдошу таттууларды тездик менен ачкан "Сюрприз" оюнун ойношкон. Анда кыз жеңип алган. Буга ачууланган күйөөсү жубайын башка чапкан.

Аталган жаранга карата Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 183-беренеси (майда бейбаштык) боюнча административдик иш козголуп, документтер чечим чыгаруу үчүн сотко өткөрүлгөн.

Мындан тышкары кыз жана бала, ошондой эле алардын ата-энелери менен профилактикалык баарлашуу өткөрүлгөн.

Белгилей кетсек, бул видео чоң резонанс жаратып, Өзбекстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да кызуу талкууга алынып, телеканалдардан активдүү көрсөтүлгөн.

Күйөө бала кызды башка бир чапкан видео тарады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан