Өзбекстанда үлпөт тойдо жубайын башка чапкан жигиттин окуясы: Президенттин кызы Саида Мирзийоева үн катты

Өзбекстанда үлпөт той учурунда колуктусун башка чапкан күйөөнүн окуясы боюнча президенттин кызы Саида Мирзийоева үн катты. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

"Үйлөнүү тоюнда күйөө бала сынакта жеңем деп батынган кызды башка чапкан видео коомубузда чоң резонанс жаратты. Эми эки күн мурун же эки жыл мурун кайсы жерде болгону маанилүү эмес. Бул жийиркеничтүү ишке болгон мамилебиз маанилүү.

Баарыбыз цивилизациялуу өлкөдө бай жана бактылуу жашагыбыз келет. Бул деген ар бирибиз аялга карата зордук-зомбулукка жол берилбестигин бекем карманышыбыз керек дегенди билдирет. Мындай иштерге көз жумуп коюуга болбойт. Эң негизгиси бизге горизонтту түрткөн, аялдарды көз карандысыз, күчтүү кылган билим керек. Билим берүү сизге жашооңузду тандоого мүмкүнчүлүк берет", - деп жазган ал социалдык тармактагы баракчасына.
Белгилей кетсек, бул видео чоң резонанс жаратып, Өзбекстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да кызуу талкууга алынып, телеканалдардан активдүү көрсөтүлгөн.
Күйөө бала кызды башка бир чапкан видео тарады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан