Майк Тайсондун мурдагы атаандашы жаңжал чыгарып жаткан адамды бир сокку менен нокаутка учуратты (видео)

Белгилүү мушкер, британиялык мурдагы оор салмактагы чемпион Жулиус Фрэнсис жаңжал салган адамды нокаутка учуратты.

Маалыматка ылайык, учурда 57 жаштагы Фрэнсис Лондондогу "Уэмбли" стадионунун жанындагы оюн-зоок паркында күзөтчү болуп иштейт. Ал эс алуучулардын бири өзүн өтө агрессивдүү көргөзүп, башкаларды сөгүп, башкалар менен мушташууга аракет кылган адамга күбө болгон. Мушкер аны сабырдуулукка чакырып, сөзүнөн майнап чыкпаган соң жаңжал салган адамды бир сокку менен нокаутка учураткан.

Жулиус Фрэнсис оор салмак боюнча Улуу Британиянын эки жолку чемпиону (1997, 1999). Ал профессионалдык рингде 48 беттеш өткөргөн. Анын ичинен 23 ирет жеңүүчү аталса, 24 жолу жеңилип, бир ирет тең чыккан.

Ал Майк Тайсон жана Виталий Кличко сыяктуу легендалар менен эки жолу беттешкен.

Майк Тайсондун мурдагы атаандашы жаңжал салган адамды нокаутка учуратты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан