"Чоң апасы ортого түшүп". Түркмөнстандагы президенттик үй-бүлөдө жаңжал болуп жатканы айтылды

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов атасы, экс-президент Гурбангулы Бердымухамедовдун эжеси Гүлнабат Довлетованы Түркмөнстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай коомунун башкы директорлугунан бошотту. Бул тууралуу "Түркмөнстандын хроникасы" басылмасы жазды.

Андагы маалыматта апрель айында жакындарына атасындай жакшы мамиле кылбаган Сердар Бердымухамедовдун инаугурациясынан кийин болгон. Маалым болгондой, Довлетованын кызматтан алынышына Сердар Бердымухамедовдун аталаш бир тууганынын күйөө баласы Шамурад Режепов менен мамилесинин начардыгы себеп болгон.

Апрель айында "Түркмөнстандын хроникасы" басылмасы жаңы президенттин жакындары куугунтукка алынганы тууралуу жазып чыгышкан. Бирок алынган маалыматта айрым деталдар ар башка болгондуктан, ал кезде редакция аны жарыялоодон карманган.

Басылма Хажимурат менен Шамурад Режеповдор (президенттин жакындары) президенттик шайлоонун эртеси эле өлкөдөн чыгып кетип, Дубайда жүргөнүнө көңүл бурган. Ал эми аларга жана Түркмөнстандагы бизнес түзүмдөрүнө тиешелүү бардык эсептер жабылган.

Ошол кезде Гүлнабат Довлетова мамлекетке 60 миллион манат төлөп берүү талабы коюлган. Уюмдун ишине мамлекет тарабынан каражат бөлүнгөн, бирок андан кийин акча Довлетова менен байланышы бар айрым ортомчу фирмалардын эсебине которулган. Довлетованы коомдун финансылык жана материалдык ресурстарын кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кылмыш ишин козгоо менен коркутушкан. Ошондо Гүлнабат Довлетова кызматтан бошотулуп, кылмыш иши козголордо өлкө президентинин чоң апасы ортого түшүп, Довлетованы сактап калган.

"Гүлнабатты, Хажимуратты жана Шамуратты куугунтуктоо Сердардын демилгеси. Ал алардын колунда топтолгон ири каржы ресурстары, алардын жогорку кызматтагы, анын ичинде укук коргоо органдары менен болгон байланыштары ага каршы колдонулуп, укук бузуулар болушу мүмкүн деп кооптонот", - деп жазат басылма.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан